Жеңишиңер куттуу болсун!
18.09.2023

Бишкек медициналык колледжинин окутуучуларынын Эл Аралык сынакта катары менен экинчи жолку жеңиши - БМКнын 95-жылдык мааракесине арналат. 2023-жылдын 26-майында Казакстандын борбору Астана шаарында Юридикалык жактардын ассоциациялык түрүндөгү бирикмелеринин "Жалпы улуттук", "Бобек" кыймылы уюштурган илимий-педагогикалык кызматкерлер үчүн "КМШнын мыкты педагогу - 2023" аттуу Эл Аралык сынакка Бишкек медициналык колледжинин окуу бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин магистри Э.Д.Данилов "Санариптештирүү доорунда жаштарды тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү жана түйшүктөрү". Ал эми "Фармацияны уюштуруу жана экономикасы" сабагы боюнча окутуучу Мамаюсупова Азиза Абдыхалиловна " Евразия экономикалык биримдигинде жана Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө укуктук-ченемдик актыларды шайкештөө" аттуу макалалары менен аралык (онлайн) турүндө катышышты. Астанада өтүп жаткан экинчи Эл Аралык педагогикалык сынакта Казакстан, Россия федерациясынын, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларус өлкөлөрүнүн өкүлдөрү күч сынашты. Эки күнгө созулган бул илимий таймаштын калыстары үчүн, жеңүүчүлөрдү кара кылды как жарып тандоо бир топ түйшүктөрдү жаратты окшойт. "Күч атасын тааныбайт" дегендей, сынактын жыйынтыгында Бишкек медициналык колледжинин өкүлдөрү Э.Д.Данилов менен А.А.Мамаюсупова "КМШнын мыкты педагогу- 2023" медалы жана экинчи даражадагы диплом менен сыйланышты. БМКнын окутуучуларынын илимий макалалары Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин "Мыкты педагог -2023" IV Эл Аралык китеп басмасынын 1-жана 7- томуна чыкты. Э.Д.Данилов менен А.А.Мамаюсупованын эл аралык деңгээлдеги жеңиштери, окуу жайдын алдыда өтө турган 95- жылдык торколуу тоюна кошкон чыгармачыл зор салымдары деп эсептесек аша чапкандык болбос. "Кары келсе ашка, жаш келсе ишке" дегендей БМКнын жаш окутуучулары дагы албан-албан жетишкендиктерди жаратып, талыкпастан эмгектенет деген терең ишеним менен иштерине ийгилик каалайм. Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.