Жамбыл облусунун  85 жылдыгы
15.04.2024

2024-жылдын 12-апрелинде  боордош Казак Республикасынын  Жамбыл облусунун   85 жылдыгынын  урматына медициналык  колледждер арасында студенттердин эл аралык “Мыкты медайым-2024” аталышындагы конкурсу болуп өттү. Иш-чарага А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин Окуу-усулдук борборунун башчысы Г.А.Турганбаева, борбордун усулчусу А.Ө.Эгембердиева, колледжинин студенти Шабиева Бермет Талантбекова катышып келишти. Конкурс 4 этап менен өткөрүлдү.

1-этабы тест-көзөмөлү -теория билимдеринин деңгээлин баалоо;

2-этабы Тааныштыруу.Үй тапшырма:

“Жаңы Казакстандын келечектеги медайымы: Өткөндү баалайбыз, бүгүн сыймыктанабыз, келечекти түзөбүз.”

3-этабы “Тажрыйбанын аймагы” Тажрыйбалык көндүмдөрдү аткарууну баалоо.

4-этабы Ситуациялык маселелерди чечүү. 

 Модуль 1.”Медициналык уюмдардын шартында медайымдык кароонун далилдерин  жүзөгө ашыруу” 

Модуль2.”Үй шартында оорулууну кароого үйрөтүү” англис тилинде өткөрүлдү.

Ошондой эле, Виртуалдык кабинеттин салтанаттуу ачылышында  “лента кесүү” аземи биздин окутуучуларыбыздын катышуусунда  болуп өттү. Болуп өткөн иш-чара жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып,ОУБдун башчысы Г.А.Турганбаева теле көрсөтүүлөрдө интервью берди. Жамбыл жогорку медициналык колледжинин директорунун, Жамбыл облустук медайымдык иш адистеринин кесиптик бирикмесинин атынан А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин  директору Ч.С.Усубалиевага  ийгиликтүү кызматташтык, биргеликте достук мамилелерди чындоодогу аракеттерин баалап сертификат  тапшырылды.Эл аралык маанидеги иш-чарага студенттерди даярдап алып келишкен  А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин Окуу-усулдук борборунун башчысы Г.А.Турганбаева, борбордун усулчусу А.Ө.Эгембердиева сертификат, Алкыш каттары менен колледжибиздин студенти Шабиева Б.Т. сертификат менен сыйланышты.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос