Сыйлыгыбыз жамааттын жалпы сыймыгы!!!
01.09.2023
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата жана өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык, маданий өсүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан , 95 - жылдык бай карт тарыхы бар Бишкек медициналык колледжи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгына ылайык " Даңк" ордени менен сыйланышы жөнүндө жагымдуу кабарды БМКнын жалпы эмгек жамааты кубануу менен кабыл алып жаткан кези.Мындан 56 жыл мурда,1967- жылы андагы Фрунзе медициналык училищасы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган эле Бул сыйлык , Кыргыз ССРнин медицина тармагындагы окуу жайларындагы эң алгачкы орден болгон.Бишкек медициналык колледжинде эмгектенген кызматкерлер,окуган студенттер бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген эң алдыңкы медициналык окуу жайы болууга күч үрөп келет жана ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн.БМКнын "Даңк" ордени менен сыйланышына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Маришовна Баатырованын жеке салымы зор деп эсептейбиз жана саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине бизди сунуштап, колдогону үчүн чоң ыраазычылык билдирип кетүүнү туура көрөбүз. Бишкек медициналык колледжинин директору Чолпон Сейтековна Усубалиева, жетекчилик менен жалпы эмгек жана студенттер жамааты мындан ары да талыкпай эмгектенип,алдыга койгон ой-максаттарды ишке ашырууга белсенип киришүү үчүн бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарып ынтымактуу эмгектенүүгө даяр.Ал эми алдыда окуу жайыбыздын 95 -жылдык мааракесине арналган эл аралык деңгээлде өтө турган илимий -практикалык конференция,эл аралык аккредитациядан өтүү иштери ж.б.у.с турат.Күч бирдикте,көз коркок, кол баатыр дегендей бул жана башка максаттарды аткарууда БМКнын такшалган,.алдыңкы технологиялар менен иштей билген, ынтымактуу эмгек жамааты шыктануу менен аткарат деп терең ишенебиз.Сөз аягын сыйлыгың куттуу болсун,сыймыгың жугумдуу болсун деп кыргыздын салттуу ырымын айта кетсем эч ашык болбос деген аруу тилек менен жыйынтыктоону туура көрдүм .
Урматтоом менен Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.
2023ж.31.08.