Орозодогу кайрымдуулук!
Бүгүн, 2024- жылы 25- мартта Акматкан Молдогазиев атындыгы Бишкек медициналык колледжинин “Медайымдык иш” бөлүмүнүн 2 СД 1 группасынын студенттери Януш Корчек атындагы “Үмүт-Надежда” үй интернатына 5000 сомдук тамак аш продукциясын сатып алып, кайрымдуулук жардамын көрсөтүп, тапшырып келишти. Ыйык Рамазан айында студенттерибиздин бул демилгесин башкалар да колдойт деп ишенебиз.
Бул иш-чараны Акматкан Молдогазиев атындагы БМКнын окутуучусу Асанбаева Гүльнара Рахимжановна студенттерге сунуштаган. Майып жарандарыбызга кайрымдуулук кылуу, келечектеги медайымдар үчүн чоң атуулдук жана тарбиялык мааниге ээ.