Окутуучулар менен студенттердин баарын "Улуттар маданияты" аттуу Фестивалга чакырабыз!!!
28.03.2024

2024-жылдын 27-мартында  саат 15⁰⁰дө И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жайкы аянтчасында " Улуттар маданияты" аттуу иш-чара болуп өттү. Бул, Фестиваль И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Эл Аралык Жогорку медициналык мектебинин жана Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жергиликтүү студенттери менен жогоруда көрсөтүлгөн окуу жайларда окуган чет элдик студенттеринин ынтымагын арттырат деген аруу тилек менен уюштурулган.Фестивалдын негизги максаты: Студенттер арасында достук байланыштарды чыңдоо, бекемдөө менен бирге руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды түзүү болуп саналат.
Фестиваль үч багыттуу форматта өтүп, төмөнкүлөрдү камтыды:
1.Ар түркүн элдердин улуттук кийимдерин кароо ;
2.Улуттук тамак-аш жана азык-түлүк боюнча Көргөзмө-Жарманке;
3.Улуттук оюндардын мастер-классы;
"Улуттар маданияты" фестивалы "Ынтымак жолу" программасынын алкагында өтүп, токсондон ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган кыргыз жеринде ынтымак, биримдик жана тынчтыктын өкүм сүрүшүнө ар кайсы өлкөлөрдөн келип, окуп жаткан студенттердин  кошкон салымы деп тыянак чыгарсак туура болот деген ойдобуз.
Ар кайсы өлкөлөрдөн келген, ар башка улуттардын өкүлдөрүнөн болгон, күнөстүү Кыргызстанда окуган чет элдик студенттердин ынтымак- достугун  бекемдөө максатында мындай Фестивалды жылына өткөрүү маселеси каралып жатат.
Кыргызда айтылгандай:"Ырыс алды ынтымак".
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

 

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос