Нооруз-2024 майрамы белгиленди.
22.03.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 20-мартында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин, Жаштар комитети тарабынан уюштурулган " Нооруз кош кел" аттуу чакан программдагы концерт окуу жайдын жалпы жамаатына тартууланды.Эртең менен себелеп өткөн жамгыр, жаздын келишинин алгачкы жышааны болгондой таасир калтырды.Иш-чараны ачып берүү үчүн сөз кезеги  Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиевге берилди. Нооруздун тарыхы боюнча кыскача баяндап, келген эже-агайларды, студенттерди жана көрүүчүлөрдү окуу жайдын жетекчилигинин атынан Нооруз майрамы менен куттуктап,чың ден -соолук, иштерине ийгилик каалап өттү.Чимирилип бийлеген кыздарды, комузда кол ойнотуп черткен күүлөрүгө жана жагымдуу аткарылган ырларды коштогон үндөр жаңырып, майрамдык маанайга өзгөчө көрк кошуп турду.Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун урматтуу Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты!!!

 

ВИДЕО

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос