Эл ынтымагы-улуттук тилде.
21.02.2024

 

 

 

 

Бүгүн, 2024-жылы 21-февралда Кыргыз Республикасынын кинематографистер союзунун Чыңгыз Айтматов атындагы "Кино үйүндө" Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин Жаштар комитетинин, алты бөлүмдүн студенттеринин, бөлүм башчыларынын жана филология ПЦКнын окутуучулары менен биргеликте даярдаган "Эл аралык эне тил"күнүнө арналган "Тил-улуттун жан дүйнөсү" аттуу Кыргыз Республикасында жашаган 100гө жакын элдердин достугун, ынтымагын сактап, бекемдөө максатында иш-чара болуп өттү. Кино үйүндө шаңдуу музыка жаңырып, түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн кийимин кийген студенттер шаңга-шаң бөлөп, көрккө көрк кошуп турду. Иш-чараны Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев ачып, Эл аралык эне тил күнү менен куттуктады.Бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, студенттери катышты. Ар улуттун тарыхын, маданиятын чагылдырган кыска видео тасмалар, чимирилип бийлеген кыздардын, комузда, домбрада кол ойнотуп черткен кыздарга дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп турду. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча баардык катышкан командаларга "Ыраазычылык каты" , мыкты жеке аткаруучулар "Мактоо баракчасы"менен сыйланышты.Элибиздин тил байлыгы, элдин ынтымагы арта берсин.
 Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.2024-жыл 21-февраль .Кино үйү.

 

 

 

 

 

 

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос