Эл аралык кызматташуу, өнүгүүгө өбөлгө
15.04.2024

2024-жылдын 11-апрелинде Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин  "Лабораториялык диагностика" бөлүмүнүн 3 курсунун студенткасы Султанова Амина Талдыкорган жогорку медициналык колледжинде (Республика Казахстан) өткөн  "Лабораториялык диагностика" адистиги боюнча, 3 курстун студенттеринин арасындагы Эл аралык олимпиадасында  " Клиникалык лабораториялык изилдөөлөрдүн ыкмасы" тандоосу боюнча " Эң мыкты лабораториялык техник" аттуу жогорку диплом менен сыйланды.Бул, Эл аралык  студенттер арасындагы олимпиадага Казахстандан 17, Кыргызстандан 3: ( Нарын МКнен 2, А.Молдогазев атындагы Бишкек медициналык колледжинен 1) студент ат салышты.Мелдеш курч мүнөздө өтүп, калыстар тарабынан бааланып, жеңүүчүлөрдү аныктоо оңойго турган жок.
Мындай Эл аралык маанидеги студенттер арасындагы мелдештер менен олимпиадалар, мамлекеттер аралык ымаланы чыңдоого өз салымын кошот деген жакшы ой тилек менен Султанова Аминага чың ден-соолук, окуусуна ийгилик каалайбыз.!
Эл аралык конкурстун катышуучусун коштоп барган бөлүм башчы З.Ж. Бабаджанова менен " Медайымдык иш негизиндери" ПЦКнын окутуучусу М.Ү.Токтоналиевага жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдиребиз деп Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос