Эл аралык "Академиялык мобилдүүлүк" бүгүнкү күндүн талабы.
28.02.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 28-февралында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин "Ортопедиялык Стоматология" бөлүмүнүн 2 курсунун студенттерине "Академиялык мобилдүүлүктү" ишке ашыруу алкагында, Республика Казахстандын "Авиценна" Жогорку медициналык колледжинин" "Ортопедиялык Стоматология" бөлүмүнүн окутуучулары "Жарым-жартылай алынуучу протездер" дисциплинасы боюнча биргелешкен Эл аралык ачык сабак (онлайн режиминде) өтүштү.
Сабактын темасы:Нейдин"Кламмердик системасы".
Ушул эле максатты мында ары өркүндөтүү үчүн, 2024-жылдын 4-мартында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин" Ортопедиялык Стоматология" бөлүмүнүн окутуучуларынын жооп иретинде (онлайн режиминде) Эл аралык ачык сабак өтүүсү күтүлүүдө. Эл аралык "Академиялык мобилдүүлүк" бүгүнкү санариптик илимий технологиялардын талабына ылайык, шайкеш келген усулдук ыкма.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

——————————————————————————————

28 февраля 2024 г.  В Бишкекском медицинском колледже им. А.Молдогазиева с Учреждением образования «Высший медицинский колледж «Авиценна» Республика Казахстан

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос