Дени сак адам- өнүккөн өлкө.
06.04.2024

Дени сак адам- өнүккөн өлкө.
Бүгүн, 2024-жылдын 6- апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан Газпром спорт комплексинде, бүткүл дүйнөлүк «Ден соолук» күнүнө арналган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган «Менин ден-соолугум- менин укугум» аттуу масштабдуу (Бишкек шаарынын, Чүй.облусунун) медициналык мекемелеринин жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлери, медициналык жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышкан спорттук иш-чара болуп өттү. Газрпом спорт комплексинин айланасында саат сегизден баштап эле спорттук форма кийишкен студенттер менен алардын эже-агайларына, сактыктыкты камсыздоого жооптуу ички иштер органдарынын кызматкерлерине, жаңырган шаңдуу музыка менен өзгөчө көрккө бөлөнүп, ары-бери каттаган коомдук транспортто өтүп бараткан жүргүнчүлөрдүн кызыгуусун жаратып жатты.Бул иш-чарага 95 жылдык бай тарыхы бар, өлкөбүздөгү эң алгачкы медициналык окуу жайы болгон, эки ордендүү Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жетекчилиги, бөлүм башчылары менен окутуучулар жамааты жана 300 студенттери жигердүү катышып, келечектеги орто кесиптик медициналык кызматкерлердин ден -соолук үчүн күрөшүүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтүү үчүн түп көтөрүлө келишти.

Марафонго старт берилгенче келген катышуучуларга, медициналык кароодон өтүүнү каалагандар үчүн атайын медициналык палаткалар тигилип, кан басымды текшерүү, кант диабетин өлчөө жана ВИЧ СПИДге анализ алуу кызматтары мыкты деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилеп кетүү ашыкча болбостур. Иш -чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация башчысы, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка аттуу-баштуу кызмат адамдары марафонду баштап, старттан финишке чейин чуркап өтүштү.
Студенттер арасындагы жарышта Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 1 "ОС" бөлүмүнүн 2-группасынын студенти Нуржанов Насыр ийгилик жаратып, маарага алгачкы келгендердин бири болуп, медалга татыктуу болду.Атайын чакырылган артисттердин концерттик программасы дүркүрөгөн кол чабуулар менен аякталып, фото сессия менен бүгүнкү иш-чара өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос