Чыңгыз Айтматов 95 жыл. Баарыбыз бир кайыктабыз
10.02.2024

Бүгүн, 2023-жылдын 12- декабрында дүйнөлүк улуу жазуучу, ааламдын алпы, заманыбыздын залкары кыргыз элинин миң жылда бир жаралчуу улуу уулу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында болуп өттү. Бул иш-чарага кыргыз адабият, маданият коомчулугу менен КРдагы эл аралык дипломатиялык кызматтардын өкүлчүлүгү, ЖОЖдун жана ОКОЖдун студенттери, мезгилдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Баарыбыз бир кайыктабыз аттуу тема менен өткөн иш-чаранын башталышы, улуу жазуучунун жашоодогу ар кыл багыт боюнча берген гуманисттик, философиялык маектеринин коштоосунда элге кеңири таанымал болгон каармандарынын сахнада чыгармалардан үзүндүлөрдү аткаруу менен башталды. Сахнадагы жаш актерлор каармандардын ролун майын чыгара аткарышып, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабууларына татыктуу болушту. Келген көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып, чын жүрөктөрүнөн ыраазычылык билдиришти. Иш-чараны КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, сөздү КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетовго берди. Мамкатчы КРнын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катын Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын катышуучуларына окуп берди. Чакан концерттик программа менен коштолгон иш-чара келген коноктордун, көрүүчүлөрдун купулуна толуп сахнадан артисттерди кол чабуулар менен бир топко кетирбей турушту.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос