БМК “Бош орундар Жарманкеси -2023”
02.06.2023


Бүгүн ,2023-жылы 25-майда Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында 2023- окуу жылынын келишимдик (контракттык) бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Бош орундар Жарманкеси -2023” аттуу иш-чара болуп өттү.БМКда салтка айланган бул иш -чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин АРжУИБнын медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Э.Жусупбекова,борбор шаарыбыздын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилигинен өкүлдөр жана БМКнын жетекчилиги,окутуучулары,келишимдик бөлүмдөрдүн студенттери катышышты.Иш-чараны БМКнын директору Ч .С.Усубалиева ачып,бүгүнкү жарманкенин максаты жөнүндө кеңири токтолуп,келген конокторду бүгүнкү иш-чара менен куттуктады.Кийинки сөз куттукттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, АРжУИБнын медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Э.Жусупбековага берилди.Өз сөзүндө саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамы менен министрликтин атынан куттуктап,орто кесиптик адистердин кыргыз медицинасындагы бүгүнкү күндөгү ээлеген орду жөнүндө айтты.Н.Э.Жусупбекова билдиргендей, жалпы республика боюнча орто кесиптик медициналык айымдар менен саламаттык сактоо мекемелерин камсыздандыруу 97% түзүүдө.Сөзүнүн аягында Н.Э.Жусупбекова бүтүрүүчүлөргө окууну ийгиликтүү аяктоону ,иш берүүчүлөргө мыкты адистерге ээ болууну каалады.Бүгүнкү өткөн бош орундар жарманкесине борбор шаарыбыздын саламаттык сактоо мекемелеринен келген өкүлдөр бүтүрүүчүлөр менен эркин микрофон менен баарлашып,суроолорго жооп беришип өз мекемелери жөнүндө кеңири маалымат беришти. Бүтүрүүчүлөргө өз сөзүндө ийгилик каалаган БМКнын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиев 95-жылдык тарыхы бар окуу жайдын атактуу бүтүрүүчүлөрүнө токтолуп, келечекте БМКнын кадыр-баркын көтөрүү силердин колуңарда деди студенттерге.Бүгүнкү иш-чаранын алкагында өткөн бул жолугушууда эки тарап тең утушта болот деген ишеним бар.
Бул иш-чара, БМКнын тажрыйбалык окутуу боюнча бөлүм башчысы Д.А.Акматбекова тарабынан уюштурулуп,жогорку деңгээлде өттү.

БМКнын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы . Шатманалиев

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос