Биринчи байлык ден -соолук!!!
29.03.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 29-мартында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында, окуу жайдын баардык бөлүмдөрүнүн 1,2- курстарынын студенттери, окутуучулары жана бөлүм башчылары менен Кыргызстандын кызыл ай коомунун саламаттык сактоо департаментинин кординаторлору, көптөгөн ыктыярчылардан (волонтёрлордон) турган кызматкерлери менен кенен-кесир жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев ачып, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргызстандын калкынын саламаттыгын сактоого жасалып жаткан иш-аракеттерине кыскача токтолуу менен саламаттыкты сактоого багытталган " Дени сак адам-өнүккөн өлкө"аттуу мамлекеттик программаны ишке ашырууда,  келечектеги орто кесиптик медициналык кадрлардын ээлей турган орду жана ролу тууралуу азыноолак айтуу менен конференциянын ишине  ийгилик каалап өттү. Кыргызстандын кызыл ай коомунун саламаттык сактоо департаментинин кординаторлору менен кызматкерлери студенттерге жүрөк кан тамырларынын, кант диабети, көз оорулары, онкологиялык (сүт безинин рагы) оорулары жөнүндө видео роликтерди, бет ачарларды(презентация) , лекцияларды окушуп жана  маалыматтык буклеттерди таркатып беришти. Конференция өз максатын толук аткарып, келгендердин дүркүрөгөн кол чабууларына татыды. Келген студенттерге ысык чай, кофе жана түрдүү таттуу азыктар сунушталды.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос