"Кыргыз Республикасында тил боюнча денгээлдештирилген тест системасын оркундотуу" аталышындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган эл аралык конференциясы болуп отту.
27.11.2023

2023-жылдын 24-ноябрында "Кыргыз Республикасында тил боюнча денгээлдештирилген тест системасын оркундотуу" аталышындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган эл аралык конференциясы болуп отту. Конференцияга КРнын Жогорку Кенешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин торайымы Раимбачаева Винера Калыбековна, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын торагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, коомдук ишмер Айтматова Розетта Торокуловна баш болгон окумуштуулар катышып куттукташты.Ошондой эле жакынкы коншу олколор Россия, Казакстандан окумуштуулар жана Нидерланд олкосунон тилдерди билуу денгээлин баалоо боюнча эл аралык эксперт Эстер ван Лу, Николас Дитерен, Санкт-Петербург шаарынан Чет тилдер институтунун онуктуруу боюнча проректору Бакиров Артур Насипбековичтер онлайн куттукттоолорун жолдошту.Конференцияда секциялык иштер уюштурулуп 2 секцияда иш алып барылды.Секцияда тил адистиги боюнча окумуштуулар И.Арабаев ат. КМУдан Сыдыкова Т.К., Ж.Баласагын ат. КУУдан Осмоналиева Г. К.,Ош МУдан улук окутуучулар Мамадалиева Г.Б.  жана башкалар чыгып кыргыз тилин денгээлдер боюнча даярдоодогу оз  ойлору менен болушту. Конференциянын ишинин жыйынтыктары боюнча сунуштар кабыл алынды. - тил боюнча улуттук тест системаларын онуктуруу боюнча узгултуксуз конференция откоруу; - кыргызтест мекемеси менен кызматташ болуу ж.б. Конференцияга А.Молдогазиев атындагы БМКнын мам. тил боюнча методисти С. Ибрагимова жана кыргыз тили жана адабиятынын окутуучусу Г. Осмоновалар катышып келишти.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос