



2023-жылдын 27-октябрында саат 10⁰⁰дө Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө " КР конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыздоо жана Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы N 353-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссия тарабынан "Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы" аталышындагы үч айлыгын 2023-жылдын 18-сентябрынан 18-декабрына чейин өткөрүүнүн алкагында жазуучунун бир тууган карындашы , физика-математика илимдеринин кандидаты, КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери, коомдук ишмер Р.Т.Айтматова менен биринчи курстун студенттери, окутуучулардын адабий жолугуушусу болуп өттү. Бул жолугушууга атайын чакырылган ардактуу коноктордон: Бишкек мамлекеттик университетинин китепкананын ишин жүргүзүү жана библиография кафедрасынын башчысы,тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери Т.А.Шаймергенова, Бишкек шаарындагы N1 Ч.Т.Айтматов атындагы китепкананын башчысы А.А.Акматова болду. Жамгырлуу күздүн күнүнө, улгайган жаштарына карабастан шайдоот келген кыргыздын ардактуу эки эжени залда күтүп отургандар дүркүрөгөн кол чабуулар менен саламдашып, нан жана май менен тосуп алышты. Адабий кечени А.Молдогазиев атындагы БМКнын китепканачысы Н.Г.Трубчанинова ачып, сөздү окуу жайдын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиевге берди .Өз сөзүндө М.Ы.Шатманалиев келген коноктор жөнүндө кенен токтолуп, ар бири боюнча маалымат берип, угуучулардын кызыгуусун жаратып , өзү жазуучу менен үч жолу жолугушуп, кол берип саламдашкандыгын сыймыктануу менен эскерди. Ал эми жолугушууга жүйөлүү себептер менен келбей калган дагы бир өзгөчө конок - графикчи, дизайнер, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч.Т.Айтматовдун бүт чыгармалары боюнча "Нарисовать Айтматова" деген аталыштагы чыккан китептин автору, жердеш иниси Сабиджан Бабаджанов агайдын чыгармачылыгындагы Ч.Т.Айтматовдун ээлеген ордун чагылдырган видео тасмага угуучулардын көңүлүн бурду. Кийинки сөзгө чыккан, кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу Гүлзат Шакировна Осмонова жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу баян жасады. Алып баруучу сөздү Ч.Т..Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Төрөкуловнага берилет дегенде залда кол чабуулар жарылды. Жазуучунун карындашы ата-энеси, агасы Чыңгыз жана башка бир туугандары жөнүндө студенттерди кызыктырган бир топ суроолорго жооп берип, менин апам да Фрунзе медучилищасына окууга кирүү үчүн арыз жазса, байдын кызысың деп документтерин албай койгонун апасы көп жолу айтканын эскерип өттү. Бир топ жашка барып калганына карабастан, Роза Айтматова өткөн тарыхтан кеп салып, так, даана, далилдүү фактыларды эч жаңылбастан айтып берип, аудиторияны таң калтырды. Сөз профессор Тамара Айдаркуловна Шаймергеновага берилгенде, алгачкы окуу жайдын жакында эле мамлекеттик жогорку сыйлык "Даңк" ордени менен сыйлангандыгын куттуктап, мындан аркы ийгиликтерге жетишине тилектештигин билдирди. Профессор эже студенттерге өз башынан өткөн кызыктуу окуяларды, Айтматовдордун үй-бүлөсү менен кандайча таанышып, бүгүнкү күнгө чейин ысык мамиледе экенин студенттерге баяндап берди. Ошону менен бирге Тамара Айдаркуловна окуу жайдын директору Чолпон Сейтековна Усубалиева башында турган жетекчиликке, китепкананын материалдык -техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарылган бир топ иштер үчүн жана китепканачыларга карата болгон ар тараптуу колдоолорго чоң ыраазычылык билдирди. Профессор Т.А.Шаймергенова китепканага өзүнүн жаңы чыккан китептерин белекке тапшырып, студенттерге окууда ийгилик каалады. Бишкек шаарындагы N1 Ч.Т.Айтматов атындагы китепкананын башчысы А.А.Акматова өз сөзүндө китепкананын кандайча ачылганын, жазуучунун чыгармаларынын жаш муундарды тарбиялоодогу ролу жана өзүнүн кантип китеп дүйнөсүнө кабылып калганы жөнүндө айтып гана бербестен, студенттер үчүн кызыктуу заманбап видео викториналарды уюштурду. Адабий кечеге уюштуруучулар тарабынан даярдалган студенттердин Ч.Т.Айтматов жөнүндөгү ырлардан көркөм жатка айтуулары, коштолгон ырларга дүркүрөгөн кол чабуулар көрк берип турду. Адабий кечени жыйынтыктоо сөзүндө, А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча "БМК 95" уюштуруу комитетинин төрагасы М.Ы Шатманалиев келген конокторго бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, чыгармачыл ийгиликтерди каалап окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан чоң рахмат айтуу менен бирге жолугушуу кечени, окуу жай менен көп жылдан бери чыгармачыл байланышта болуп, А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине эфирге чыгууга дайыма колдоо көрсөтүп келген УТРК ЧҮЙ каналынын жетекчилигине, жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип кетүүнү туура көрүп турам деп баса белгилеп өттү. Ааламдын адабий алпы болгон Ч.Т. Айтматовдун 95 жылдыгына, мамлекеттик тил күнү мыйзамынын кабыл алынышына арналган үч айлыгын өткөрүүдөгү бул иш-чара, окуу жайыбыздын 95 жылдыгына карата, алдыга коюлган көптөгөн милдеттерден аткарылган иш-чаралардын катарын толуктап ,татыктуу ордун табарына терең ишенем деди. Кыргыз элинин салты боюнча, келген конокторду куттуу үйдөн кур чыгарбайт дегендей китепкана башчысы Л.С.Бенш, китепканачы Н.Г.Трубчанинова дасторкон жайып, ысык мамиледе гүл тартуулап узатышты. Студенттер, окутуучулар келген коноктор менен тарых үчүн сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Уюштуруучулар тобу: Китепканачылар, "Филология" ПЦКнын окутуучулары, маалыматтык-технологиялар борбору.
А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.