"Акушердик " адистиги боюнча иш-чара болуп өттү.
18.04.2024

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030- жылдарга калктын саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" программасынын алкагында медайымдык жана акушердик билим берүүнү жакшыртуу максатында
2024-жылдын 17- апрелинде Бишкек шаарында "Акушердик" адистиги боюнча кесиптик стандартын күнүмдүк тажырыйбага (практикага) жана окуу программаларына киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү башкармалыгынын башчылары, бөлүм башчылары, башкы адистери, ЖОЖдын кафедра башчылары, ОКОЖдын жетекчилери менен усулчулары (методистер) , Бишкек шаарындагы N 1,2 төрөт үйүнүн  башкы акушерлери, Эне жана Баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүнүн, перинаталдык борбордун, КУ" Кыргыз Акушерлер Альянсы", Швейцария проектисинин "Кыргыз Республикасындагы медициналык окутуу системасындагы реформалар( MER Project), координатору,Чүй облусунун бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башкы акушерлери жана Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун башкы акушери катышкан чоң иш-чара болуп өттү. Жыйынды, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин АРИКЖжУКБнын башчысы, м.и.к, доцент Жусупбекова Нурида Эркинбековна ачып, учурдагы "Акушердик" кесиптик стандартын жайылтуу максатынын негизги маселелерине токтолуп,  бүгүнкү иш-чарага ийгилик каалап өттү. Күн тартибинин программасына ылайык, кийинки сөзгө чыккандар да "Акушердик" кесипке байланыштуу болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча ойлорун ортого салышты. Бул иш-чарага Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директору Ч.С.Усубалиева, окуу жайдын окуу-усулдук борборунун башчысы Г.А.Турганбаева жана  "Акушердик жана гинекология "
ПЦКнын окутуучусу Ч.А.Ногойбаева катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында "Акушердик" кесиптик стандартын жайылтуу  боюнча резолюция кабыл алынды.
Ишиңиздерди ийгилик коштоп жүрсүн урматтуу киндик энелер!!!

Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.

Свяжитесь с нами? Блог директора Расписание Опрос